Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө толугу менен ачылды

Коом 22 март 2026 22:50
FB_IMG_1774197687090.jpg
FB_IMG_1774197684606.jpg
FB_IMG_1774197682290.jpg
FB_IMG_1774197680333.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1774197687090.jpg
FB_IMG_1774197684606.jpg
FB_IMG_1774197682290.jpg
FB_IMG_1774197680333.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Бүгүн Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түштүк тарабы реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында көпүрө толугу менен кайра курулуп, кыймыл тилкелеринин саны көбөйтүлдү. Натыйжада көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге кеңейтилди.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулду.

Реконструкцияга чейин көпүрөнүн жалпы туурасы 9 метр болуп, бул жол кыймылына олуттуу кыйынчылыктарды жаратып келген.

Белгилей кетсек, буга чейин көпүрөнүн түндүк тарабы ачылган болчу.