Бишкек, 24.10.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаада Бишкек шаарынын жер титирөөгө даярдыгы боюнча жарандык коргонуу кызматтарынын машыгуусу өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы, өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар катышты.
Машыгуунун негизги максаты жер титирөө катталган учурда жарандык коргонуу кызматтарынын аракеттерин практика жүзүндө текшерүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу болуп саналат.
Айбек Жунушалиевдин айтымында, борбор калаа сейсмикалык активдүү аймакта жайгашкандыктан, мындай даярдык иш-чаралары туруктуу негизде өткөрүлүп турушу зарыл.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал атайын уюштурулган чатырлардагы түзүмдөрдүн даярдыгы менен таанышып чыкты.
Машыгуунун жыйынтыгында мэр катышуучулардын аракеттерин баалап, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү сунуштар берди.