ОСАГО жана турак жайды камсыздандыруу: Жарандарга 3,1 млн сомдук кенемте төлөндү

Коом Загрузка... 25 Июнь 2026 14:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 25.06.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ОСАГО полиси жана турак жайды камсыздандыруу боюнча жарандарга жалпысынан 3 млн 195 миң 732 сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды.

Сертификаттарды тапшыруу аземи “Кабар” агенттигинде өтүп, аларды Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Алима Нурланова жана аталган уюмдун Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов тапшырды.

Төлөнгөн каражаттын ичинен 792 миң сом турак жайы жабыркаган жаранга берилсе, калган бөлүгү жол кырсыктарынан жабыркагандарга ОСАГО полисинин негизинде төлөндү.

Бишкек шаардык филиалынын директору Марат Кудайбергенов билдиргендей, камсыздандыруу төлөмдөрү жума сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

“Бүгүн дагы 3 млн сомдон ашык камсыздандыруу төлөмүн беребиз. ОСАГО жөнүндө мыйзам мурда кабыл алынганы менен, аны милдеттүү түрдө колдонуу 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирген. Ал күчүнө киргенине бир жыл өттү. Бул арада жарандарга көптөгөн каражаттар төлөнүп берилди”,-деди директор.

Белгилей кетсек, ОСАГО боюнча камсыздандыруу төлөмү — жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен жабыркаган адамдарга камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүүчү компенсация. Эгер кырсыкка айдоочунун күнөөсү аныкталса, камсыздандыруу каршы тараптын ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун мыйзамда белгиленген өлчөмдө жабат.