Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыгында туман түшөт

Коом 6 март 2026 12:02
Бишкекте жана Чүйдө бир саат аралыгында туман түшөт

Бишкек, 06.03.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир саат аралыгында туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Анда белгиленгендей, бир саат аралыгында жана кечинде аталган аймактарга туман түшүп, көрүү аралыгы 500 метрге чейин төмөндөшү күтүлөт.