Бишкекте заманбап "акылдуу" прожекторлор орнотулууда

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 18:00
1.jpeg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында заманбап жарыктандыруу технологиялары ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Бишкек Парктын" жанына Project Vision AI компаниясынын инновациялык "акылдуу" прожекторлору орнотулууда.

Иштерди Биринчи май райондук администрациясы координациялоодо. Орнотуу иштерин "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарууда. Бүгүнкү күнгө чейин сегиз көчө жарыктандыруу мамысы жана сегиз прожектор орнотулган. Жаңы жабдуулар заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкталган. Прожекторлор күн панелдери, шамал генераторлор жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөөнү жана автономдуу иштөөнү камсыз кылат.

Долбоор шаардагы коопсуздукту жогорулатууга, ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүгө жана борбор калаанын коомдук жайларына заманбап санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.

2.jpeg