Бишкекте ысык суу бериле баштады

Коом 11 май 2026 09:00
Бишкекте ысык суу бериле баштады

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бишкекте оңдоо жана сыноо иштери аяктаганына байланыштуу 9-майдан тарта керектөөчүлөргө ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, ысык сууну туташтыруу татаал технологиялык процесс болуп саналат жана ал 3-4 күндүн ичинде ишке ашырылат.

"Ысык суу биринчи кезекте социалдык объектилерге - ооруканалар, мектептер жана бала бакчаларга берилет. Андан соң турак жайларды туташтыруу башталат", - деп айтылат маалыматта.