Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкекте шаар аймагындагы күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо иштери жүрүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында тиешелүү уруксат кагаздары жок жана талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды.
“Мындай чаралар жер пайдалануу тармагында тартипти камсыз кылуу жана шаарды көрктөндүрүү максатында жүргүзүлөт. Рейддер жана демонтаж иштери башка райондордо да улантылат”,-деп айтылат маалыматта.