Бишкекте турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду

Коом Загрузка... 11 Май 2026 16:16
WhatsApp Image 2026-05-11 at 15.47.04.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 11.05.26. /Кабар/. Бишкекте турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, пландалган оңдоо иштери ийгиликтүү аяктап, ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү үйлөрдүн 99 пайызына ысык суу берилди. Учурда калган абоненттерди кошуу жана айрым даректердеги мүчүлүштүктөрдү четтетүү иштери кызуу жүрүүдө.

"Шопоков көчөсү 99/1 жана Жибек Жолу проспектиси 517 даректериндеги жылуулук пункттарына кирүүгө мүмкүнчүлүк чектелгендиктен, бул үйлөргө ысык суу берүү убактылуу кечигүүдө. Ошондой эле тутумдагы гидравликалык режимди жана циркуляцияны жөнгө салуу иштерине байланыштуу айрым батирлерге суу бир аз кечигүү менен жетиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Ишкана ысык суунун сапатын жана басымын камсыз кылуу үчүн шаардыктардан "Аристон" сыяктуу жеке суу жылыткычтарын өчүрүп, борборлоштурулган системага өтүүнү суранат.

"Бишкек жылуулук тармагы" көрсөтүлгөн убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алгандыгы үчүн шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.