Бишкекте ченемден ашык түтүн чыгарган унаалар аныкталып, айып салынууда

Коом 20 февраль 2026 10:48
WhatsApp_Image_5IC8nXT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_6U8CEtZ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_JzOvH3u.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_nDa3M7Z.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_qdT6cB4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_SBLeyYh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Бишкекте өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө үч унаадан чыккан түтүндүн булгануу деңгээли уруксат берилген ченемден 50 пайыздан ашык экени аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык, жеке жактарга карата 3 протокол түзүлдү. Жалпы 22 миң 500 сом айып пул салынды.

"Бул иш-чаралар айлана-чөйрөгө жана жарандардын ден соолугуна тийгизилген терс таасирди азайтууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана унаа ээлеринин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган",-деп айтылат маалыматта.