Бишкекте токко урунуп каза болгон баланын окуясы боюнча иш козголду

Коом Жүктөлүүдө... 03 Август 2026 15:50
icon.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 03.08.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашы жете элек баланын электр тогуна урунуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда саат болжол менен 20:13тө Октябрь райондук сотунун имаратынын маңдайында жашы жете элек бала электр тогуна урунганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (“Тоо-кен, курулуш же башка иштерде коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө. Тергөө жыйынтыгы боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бул кайгылуу окуя 26-июлда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Айтиев көчөсүндө болгон. Тогуз жаштагы бала башка балдар менен бирге жол жээгиндеги бетон арыкта ойноп жаткан учурда электр тогу урган.

Балдардын айрымдары кооптуу жерден убагында алыстап кетип, бири-бирин эскерткенге жетишкен. Бирок, тогуз жаштагы бала качууга үлгүрбөй, электр тогуна урунган.

Окуядан кийин ал ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Кийинчерээк жабырлануучунун апасы социалдык тармактар аркылуу уулу каза болгонун билдирген.