Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи өттү.
Иш-чарага ШКУга мүчө тогуз өлкөнүн коргоо министрлери, ошондой эле Ирандын коргоо министринин орун басары катышты.
Белгилей кетсек, кеңешме бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт.