Бишкекте Месарош көчөсү оңдолууда

Коом 770 02 Апрель 2026 09:05
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.22.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.20.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.31.22.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкектеги Месарош көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Месарош көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкесинде иштеп жатат. Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.

Иштин жүрүшүндө жаңы технология — атайын "ресайклер" техникасы колдонулууда. Бул жол катмарынын сапатын жогорулатып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.