Ош – Кара-Суу – Савай унаа жолунун курулушу уланууда

Коом 18 сентябрь 2026 10:30
Ош – Кара-Суу – Савай унаа жолунун курулушу уланууда
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Ош – Кара-Суу – Савай унаа жолунун 6-чакырымынан 31-чакырымга чейинки аралыгында курулуш иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы баасы 2,5 млрд сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Учурда Кара-Суу - Ош унаа жолунун 2-чакырымынан 14-чакырымына чейинки аралыкта асфальт төшөө иштери толугу менен аяктады. Нариман жана Тельман айылдарында суу түтүктөрүн куруу иштери толугу менен бүткөрүлдү.

Ошондой эле 13-чакырымдан 15,5-чакырымга чейинки аралыкта жер иштери аяктап, жакынкы күндөрү асфальт төшөө иштери башталат.

Курулуш иштерин 1-декабрга чейин толук бүткөрүү пландалууда.