Бишкек, 14.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсү Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады.
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 14-сентябрдан тартып жолдун аталган тилкеси кайрадан унаа кыймылы үчүн ачылды.
"Оңдоо иштеринин алкагында жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү иштер аткарылды",-деп айтылат маалыматта.