Бишкектеги үч конушта суу убактылуу өчүрүлөт. Себеби

Коом
854481.2e16d0ba.format-webp.fill-834x507.webpquality-65.webp
WhatsApp Image 2026-11-01 at 12.38.41.jpeg
Алдыга
Артка
854481.2e16d0ba.format-webp.fill-834x507.webpquality-65.webp
WhatsApp Image 2026-11-01 at 12.38.41.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 01.11.26. /Кабар/. 5-ноябрда Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берилбейт.

Суу “Ак-Жар” жана “Ак-Бата” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Мындан улам “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.