Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын биринчи конгресси расмий түрдө ачылды. Бул иш-чара өлкөдө алгачкы жолу өтүп жатат жана “Жаңыртуу” коомдук фондунун 20 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулган.
Конгресс коомдогу инклюзивдүүлүктү күчөтүүгө, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого жана алардын коомдук жашоого толук аралашуусуна шарт түзүүгө багытталган маанилүү диалогдук аянтча катары демилгеленген.
Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева, Германиялык Socialartist.events уюмунун негиздөөчүсү Томас Краус, “Үмүт-надежда” балдардын реабилитациялык борборунун, “Жаңыртуу” жана “Социальная деревня” уюмдарынын өкүлдөрү жана башка катышуучулар катышууда.
Куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Айнура Орозбаева бул күндүн маанисине токтолуп, конгресс майыптыгы бар жарандардын бири-бири менен пикир алышуучу, тажрыйба алмашуучу жана керектүү механизмдерди иштеп чыгууга багытталган аянтчага айлана тургандыгын белгиледи.
“Учурда Кыргызстанда ‘Жеткиликтүү өлкө’ мамлекеттик программасы кабыл алынып, анын алты жобосунун алкагында иштер жасалууда. Анын аркасында өлкөдөгү инклюзивдүүлүк жогорку деңгээлге көтөрүлүп, майыптыгы бар жарандардын билим алып, социалдык чөйрөгө аралашуусуна шарттар түзүлүүдө”, - деп белгиледи ал.
Иш-чара ошондой эле майыптуулугу бар жаштардын концерттик номерлери менен коштолууда.
Белгилей кетсек, конгресс эртең дагы уланып, анын алкагында пикир алмашуулар, көргөзмөлөр жана мастер-класстар өткөрүлөт.