Бишкекте Кыргыз радио бирикмесинин 95 жылдыгына арналган медиафорум өтүүдө

Коом Загрузка... 17 Апрель 2026 11:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында “Кыргызстанда радиолордун басып өткөн жолу, абалы жана келечеги” аттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын медиафоруму өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз радио бирикмесинин 95 жылдыгына карата уюштурулуп, ага жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин окутуучулары, журналисттер катышууда.

Медиафорум кыргыз радиосунун тарыхы жөнүндөгү видео ролик менен башталып, куттуктоо сөздөрү жана радио журналисттерин даярдоо темасындагы докладдар менен уланууда.

Улуттук телерадио корпорациясынын директору Улан Сатиев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып, радионун дээрлик бир кылымдык басып өткөн жолу, учурдагы абалына токтолду.

Анын айтымында, радио бирикмеси 1967-жылы түзүлгөн. Өткөн жылы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен анда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

“Кыргыз радиосу улуттук аң-сезимдин, маданияттын, тилдин жана маалыматтын башаты катары кызмат өтөдү. Мындан 95 жыл мурун алгач ирет обого чыккан радио эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп келди. Ал бүгүнкү санарип доордо дагы өз кызматын өтөп келүүдө”,-деп белгиледи Сатиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгач ирет 1931-жылы радио үнү жаңырган. Анын алкагында Бишкек, Ош, Токмок, Каракол шаарларында радио түйүндөрү түзүлгөн.

Учурда Кыргыз радио бирикмесинин карамагында “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу” жана “Миң кыял FM” радиолору кызматта. Андан сырткары, 100гө жакын радио ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ЖМКлар катталып, анын арасынан 10дун тегерегиндеги радио иш алып барат.