ТИКА Кыргызстандагы өнүктүрүү долбоорлорун колдоону улантат

Коом 28 сентябрь 2026 17:50
ТИКА Кыргызстандагы өнүктүрүү долбоорлорун колдоону улантат
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) президенти Абдуллах Эрен менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт жана логистика, органикалык айыл чарба, жашыл экономика, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоо багыттарындагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бакыт Сыдыков акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы орточо 10,2% өскөнүн белгилеп, бул биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Абдуллах Эрен ТИКА Кыргызстандын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдоону улантууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.