Биз биргебиз! Майыптыгы бар адамдарды колдоо өнөктүгү өтүүдө

Коом
Биз биргебиз! Майыптыгы бар адамдарды колдоо өнөктүгү өтүүдө
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда 3-декабрь – Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата "Биз биргебиз!" аттуу колдоо жана кайрымдуулук бир айлыгы өтүүдө.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, өнөктүк 15-ноябрдан 15-декабрга чейин уланат.

"Иш-чара майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоого, коомдук турмушка толук кандуу катышуусуна шарт түзүүгө жана инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик мамлекеттик жана коомдук уюмдарды, бизнес өкүлдөрүн жана жарандарды өнөктүккө активдүү катышып, майыптыгы бар адамдарга колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1992-жылы белгиленген. Анын максаты — бул адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана алар туш болгон көйгөйлөр тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.