Бишкекте Кувейттин Улуттук күнүнө арналган иш-чара өттү

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 09:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Эл аралык Кувейт университетинде Кувейттин Улуттук күнүнө арналган иш-чара өттү.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Эл аралык Кувейт университетинин мугалимдер жамааты, студенттер жана бүтүрүүчүлөр катышты.

Арслан Койчиев өз сөзүндө Кувейт менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана гуманитардык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал өзгөчө билим берүү тармагындагы кызматташтыкты жана Эл аралык Кувейт университетинин ролун жогору баалады.

Мамкатчы университеттин тарыхый миссиясына токтолуп, анын буга чейинки аталышы кыргызстандык улуу тилчи-окумуштуу жана түрколог Махмуд Кашгари-Барсканинин ысымы менен байланышканын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал улуу мурас – “Диван-лугат-ат-Түрк” (“Түрк тилдер жыйнагы”) эмгегин кыргызча которуп арабча-кыргызча форматта басып чыгаруу демилгесин сунуштады.

Аталган сунушту университеттин жетекчилиги туура деп кабыл аларын билдирди. Бул демилге түрк тилдеринин тарыхый мурасын терең изилдөөгө жана кыргыз-араб маданий алакаларын чыңдоого багытталары айтылды.