Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты: Компанияга айып салынды

Кырсык Загрузка... 12 Июль 2026 22:03

Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда саат 17:00 чамасында Бишкек шаарынын С. Каралаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы катталган соң дароо министрликтин адистери тарабынан окуя болгон жерде текшерүү жүргүзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, С. Каралаев көчөсүндөгү 60 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын 12-кабатында ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан учурда опалубка күйүп кеткен. Кырсык толугу менен өчүрүлүп, жабыркагандар катталган жок.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ведомство тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

  • Аныкталган коопсуздук эрежелерин бузуулар толук жоюлганга чейин объекттеги бардык жумуштар убактылуу токтотулду.
  • Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн курулушту жүргүзүп жаткан ”Кыргыз Каганат“ ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.
  • Компанияга курулуш аянтчасындагы коопсуздук талаптарын өзгөчө күчөтүү талабы коюлду.