Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бишкекте 14-марттан 16-майга чейин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты экологиялык абалды жакшыртуу, көчөлөрдү, парктарды жана короолорду иретке келтирүү, шаардыктар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзүү болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында коомдук жайларды, сейил бактарды жана скверлерди тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, ишканалар, мекемелер жана уюмдардын айланасындагы аймактарды иретке келтирүү, таштандыларды өз убагында чыгаруу жана башаламан таштанды жайларына жол бербөө сыяктуу иштер аткарылат.
Мэрия шаар тургундарын жана конокторун борбор калааны көрктөндүрүүгө багытталган бул акцияга активдүү катышууга чакырат.