Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кореянын элчиси Ким Кванджэ менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүү пландалып жаткан "Борбор Азия — Корея Республикасы" саммитине даярдык маселелерин талкуулашты. Бул саммит стратегиялык диалогду мындан ары чыңдоо жана практикалык кызматташууну кеңейтүү үчүн маанилүү аянтча катары каралууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Economic Development Cooperation Fund уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Тактап айтканда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоору ишке ашырылып жатат, ошондой эле "Медициналык шаарча" демилгесинин алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун модернизациялоо жана куруу долбоору даярдалууда.
Министр Дамир Осмонов кадрларды окутуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Учурда кыргыз адистери Түштүк Кореянын "Lee Jong-wook Fellowship Program" программасы аркылуу заманбап технологияларды жана медицинаны башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын өздөштүрүп жатышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө макулдашты.