Бишкекте көктөм: Апта ичинде күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 23 Март 2026 16:40
652505884_3765486866927818_9160617183768763894_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.03.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы "Кабар" агенттигине 24-марттан 30-мартка чейин Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 24-мартта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлүп, абанын температурасы 15...17 градустун тегерегинде кармалат. Ал эми 25-30-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы күндүз 22...24 градуска чейин жылыйт.

24-25-мартта батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ошондой эле 26-30-мартта шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

  • 24-март: түнкүсүн 7…9, күндүз 15…17;
  • 25-март: түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20;
  • 26-март: түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22;
  • 27-март: түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24;
  • 28-март: түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24;
  • 29-март: түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24;
  • 30-март: түнкүсүн 9…11, күндүз 22…24.