Бишкекте “Эстелик оту” эл аралык иш-чарасы өттү

Коом 6 май 2026 14:52
IMG_0557.jpeg
IMG_0569.jpeg
IMG_0566.jpeg
IMG_0567.jpeg
IMG_0568.jpeg
IMG_0572.jpeg
IMG_0573.jpeg
IMG_0576.jpeg
IMG_0577.jpeg
IMG_0578.jpeg
IMG_0575.jpeg
IMG_0574.jpeg
IMG_0560.jpeg
IMG_0559.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0557.jpeg
IMG_0569.jpeg
IMG_0566.jpeg
IMG_0567.jpeg
IMG_0568.jpeg
IMG_0572.jpeg
IMG_0573.jpeg
IMG_0576.jpeg
IMG_0577.jpeg
IMG_0578.jpeg
IMG_0575.jpeg
IMG_0574.jpeg
IMG_0560.jpeg
IMG_0559.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек. 06.05.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында ”Эстелик отун“ өткөрүп берүү боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, коомдук жана ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары катышты.

Аземдин алкагында митинг өткөрүлүп, Улуу Ата- Мекендик согуштун баатырларына урмат көрсөтүү максатында гүлчамбарлар коюлду.

Шаар башчысы тарыхый окуяларды сактоонун жана муундар ортосундагы байланышты улантуу маанилүү экендигин белгиледи:

”Бишкек ар дайым тарыхты урматтаган, салттарды сактаган жана Улуу Жеңиш тууралуу эскерүүлөрдү жаш муундарга өткөрүп келген шаар болуп кала берет. Бизге эркиндик, тынчтык тартуулаган ардагерлердин алдында башыбызды ийебиз. "Эстелик оту" элдердин биримдигинин, тынчтыктын жана ынтымактын символу болсун”, — деди мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө ”Эстелик оту” салынган шам чырак Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музейге салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди.

Акция 5-май күнү Александров багында башталган. Катышуучулар Түбөлүк оттун бир бөлүгүн дүйнөнүн 14 өлкөсүнө жеткирүүнү пландаштырууда. Бишкекке ”Эстелик отун“ Олимпиада чемпиону, белгилүү теле алып баруучу, актриса жана Москва шаардык думасынын депутаты Мария Киселева алып келди.

Иш-чара Россия кызматташтык, Элдик фронт ардагерлер жана ыктыярчылар уюмдарынын колдоосу менен уюштурулган.