Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга 228 миң сом айып салынды

Коом 740 06 Февраль 2025 09:42
475799811_1046968260812361_3031359301894539319_n.jpg
476224049_1046968197479034_1375038659684648271_n.jpg
475777328_1046968267479027_2299291771057065619_n.jpg
475807863_1046968167479037_6085090307552096209_n.jpg
476123491_1046968164145704_1693824017583461837_n.jpg
Алдыга
Артка
475799811_1046968260812361_3031359301894539319_n.jpg
476224049_1046968197479034_1375038659684648271_n.jpg
475777328_1046968267479027_2299291771057065619_n.jpg
475807863_1046968167479037_6085090307552096209_n.jpg
476123491_1046968164145704_1693824017583461837_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25./Кабар/. Бишкекте экологиялык эрежелерди бузгандарга 228 миң сом айып салынды.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык инспекция борбор калаадагы күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө экологияны бузгандарды аныктоону улантууда.

Январь айында атмосфералык абаны коргоо боюнча жалпысынан 16 иш-чара өткөрүлүп, 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө, иштетилген автоунаа майын, өндүрүштүк (ЛДСП), тигүү жана турмуштук калдыктарды өрттөө фактылары катталган.

Мунун негизинде жеке жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 228 миң сомго 18 протокол түзүлдү.

Ошондой эле профилактикалык иш жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө көмүр менен отунду пайдалануу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өнөр жайынын пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарын, желим, лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынгандыгы жазылган.

"Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сураныч, фото жана видео материалдарды Муниципалдык инспекциянын номерине жөнөтүңүз: 0990 75 73 71 (WhatsApp)",-деп айтылат маалыматта.