Бишкекте эки жаңыланган фонтан пайдаланууга берилди

Коом Загрузка... 30 Апрель 2026 16:09
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 30.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эки шаардык фонтан ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонтандын бирөө Театралдык гүл бакчасында, Кыргыз улуттук опера жана балет театры жанында, дагы бирөө Уркуя Салиева аянтында жайгашкан.

Бул аймактарды оңдоо жана көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлдү.

Театралдык гүл бакчасында фонтанды реконструкциялоодо фонтан толугу менен жаңыланып, инженердик тармактары алмаштырылды. Архитектуралык формалары заманбап материалдар жана жабдуулар менен калыбына келтирилип, жаңы жарыктандыруу системасы орнотулду.

Ал эми Уркуя Салиева аянтындагы фонтанды оңдоодо заманбап технологиялар колдонулуп, жарык, музыка менен коштолгон фонтан системасы орнотулду.

Сууну чыпкалоо жана жалбырак чогултуу системалары да орнотулган.