Бишкекте Чаткалдын экодолбоорлору жана климаттык каржылоо талкууланууда

Коом Загрузка... 15 Декабрь 2025 12:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Бишкекте улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүүгө жана Чаткал районунда климаттык каржылоону өнүктүрүүгө арналган форум өтүп жатат.

Иш-чараны Регионалдык инвестициялык кеңеш уюштурууда.

Чаткал райондук администрациясы тарабынан президенттин жарлыгына ылайык, айыл чарбасын инновациялык жактан өнүктүрүү, экологиялык таза жана экспортко багытталган продукцияны өндүрүү, ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо, ошондой эле айыл аймактарына "жашыл" экономика принциптерин киргизүү максатында Чаткал районунун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы даярдалган.

Программа "Эко-Чаткал 2030: Адам. Жаратылыш. Өнүгүү" деп аталып, коомдук жана ведомстволор аралык талкуудан өттү.

Форумга президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, министрликтер менен ведомстволордун, фонддордун, ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Чаткал районунун тургундары катышууда.