Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө гумжардам берилди

Коом 26 февраль 2026 12:40
1772081864.jpeg
1772081869.jpeg
1772081873.jpeg
1772081876.jpeg
1772081886.jpeg
1772081894.jpeg
1772081901.jpeg
1772081925_large.jpeg
Алдыга
Артка
1772081864.jpeg
1772081869.jpeg
1772081873.jpeg
1772081876.jpeg
1772081886.jpeg
1772081894.jpeg
1772081901.jpeg
1772081925_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген.

"Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик социалдык саясаттын алкагында даректүү ишке ашырылууда", — деп айтылат билдирүүдө.