Бишкекте Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги курулуштар алынууда

Коом Загрузка... 31 Март 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Алтымышев көчөсүнүн боюндагы Ала-Арча дарыясынын жээгин мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, бул иш-чара өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында дарыя нугун тазалоочу атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылууга багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү объекттер демонтаждалды:

  • 57 метр темир тосмолор;
  • 6 жеңил типтеги объект;
  • 4 күркө;
  • 2 контейнер;
  • Жалпы аянты 80 чарчы метр болгон бастырмалар;
  • 4 капиталдык объект (анын ичинде химтазалоо түйүнү жана сулуулук салону);
  • 12 чарбалык курулуш;
  • 9 капиталдык тосмо.

Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жаранга жалпы суммасы 150 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

"Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан Алтымышев көчөсү, 124 дарегинде жайгашкан СПА-салондун жер тилкесин бошотуу маселеси боюнча архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгына расмий кат жөнөтүлдү. Бул объекттин мамлекеттик актысы бар экендигине байланыштуу иш мыйзам алкагында каралууда",-деп айтылат маалыматта.