Бишкекте Айтматов ордосу курулат

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 14:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Президенттин жарлыгынын алкагында 2028-жылы белгилене турган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата даярдыктар башталды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мааракеге карата уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, 2028-жылды Кыргызстанда “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыялоо пландалып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар милдеттер жүктөлгөн.

“Мааракелик иш-чаралардын планы 25 пункттан турат. Ошондой эле уюштуруу комитети тарабынан кошумча сунуштар да берилди.

Негизги демилгелердин бири – 2028-жылга чейин Бишкек шаарында Айтматов ордосун куруу. Бул долбоорду ишке ашыруу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, Курулуш министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына жүктөлгөн. Бул комплекс өлкөдөгү ири маданий борборлордун бири болот. Учурда Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында курулуп жаткан “Айтматов ааламы” комплексинин курулуш иштери соңуна чыгып калды.

Мындан тышкары, учурда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган көркөм тасма тартылып жатат. Тасманын бет ачары ушул жылдын күз айларына пландалууда.

Ошондой эле 2028-жылдын башынан соңуна чейин Чыңгыз Айтматовдун мурасын даңазалоого арналган илимий, маданий, чыгармачылык жана эл аралык деңгээлдеги бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Бул иш-чаралардын жыйынтыктоочу аземи Бишкек шаарындагы “Бишкек Арена” стадионунда өткөрүү бүгүнкү жыйында сунушталды”, - деп белгиледи министр.