Бишкек, 04.04.26 /Кабар/. Күн мурун “Манастан Айтматовго карай: гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан белгилүү адабиятчыны мааракеси менен куттуктады.
Президент куттуктоосунда маареке ээсинин кыргыз гуманитардык илиминин өнүгүшүнө кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Анын өмүр жолу улуттун руханий баалуулуктарын чыңдоого багытталган үзүрлүү эмгек катары бааланды.
Ошондой эле мамлекет башчысы тарабынан Абдылдажан Акматалиевдин манастаануу, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөө жана элдик оозеки мурастарды жайылтуу багытындагы ишмердүүлүгү аркылуу кыргыз маданиятынын дүйнөлүк илимий чөйрөдө таанылышына кошкон салымы жогору бааланды.
Президент Садыр Жапаров маараке ээсине бекем ден соолук, узак өмүр каалап, мындан ары да өлкөнүн илимий жана руханий өнүгүшүнө салым кошо берерине ишеним билдирди.