Борбор калаада 230 миңден ашык жоогазын отургузулду

Коом 6 апрель 2026 18:00
658360755_1810.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
658386025_1810.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
658832151_1810.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
658965829_1810.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы бөлүктөрүнө 230 миңден ашык жоогазын отургузду.

Ишканадан билдиришкендей, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле "Ынтымак-1", "Ынтымак-2" парктарына жана башка борбордук аймактарга тигилип, шаарды көрккө бөлөдү.

Жоогазындардын түрлөрү жана түстөрүнүн ар түрдүүлүгү шаардын көрүнүшүн өзгөртүп, өзгөчө жазгы маанай тартуулады. Отургузууда ар бир тилкенин климаттык жана ландшафттык өзгөчөлүктөрү эске алынган, бул гүлдөрдүн туруктуу өсүшүн камсыз кылды.

"Бишкекжашылчарба" шаар тургундарын жана конокторун гүлзарларга аяр мамиле жасоого жана жашыл шаардын сулуулугун сактоого чакырат.