Эртеңден тарта №195 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт

Коом 17 март 2026 16:36
1766036791_large-1.webp
WhatsApp Image 2026-03-17 at 16.27.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
1766036791_large-1.webp
WhatsApp Image 2026-03-17 at 16.27.57 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бишкекте эртең, 18-марттан тартып №195 автобустук каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту таза жана жоопкерчиликтүү пайдаланууга чакырабыз", — деп кайрылышты мэриядан.