Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында жол кыймылынын эрежелерин бузган жана унаа токтотуучу жайларга акы төлөбөгөн айдоочуларга карата рейд өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү борбор калаанын бардык төрт районун камтыды.
Анын алкагында мыйзамсыз токтотулган 100дөн ашык унаа эвакуацияланып, айып короосуна жеткирилди. Бишкек шаардык ИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери тарабынан тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардагы унаа тыгындарын азайтуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу. Мындай рейддер мындан ары туруктуу негизде өткөрүлүп турат.