Бишкектеги өндүрүш базасы жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 9 февраль 2026 13:09
630956058_1407617034479445_1715968250051708765_n.jpg
631176759_1407617017812780_8661372548914192972_n.jpg
631349766_1407617031146112_5486661893964099396_n.jpg
630638743_1407617074479441_8896831744302729060_n.jpg
Алдыга
Артка
630956058_1407617034479445_1715968250051708765_n.jpg
631176759_1407617017812780_8661372548914192972_n.jpg
631349766_1407617031146112_5486661893964099396_n.jpg
630638743_1407617074479441_8896831744302729060_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында ири жер тилкеси жана өндүрүш базасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан билдиришкендей, сөз Т. Фрунзе көчөсү, 1А дарегинде жайгашкан 0,64 гектар аянттагы өндүрүштүк база тууралуу болуп жатат.

Текшерүү маалында бул объект мамлекеттик мүлк болгонуна карабай, жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Тарыхына кайрылсак, 1988-жылы “Кыргызкурулуш” акционердик коомунун турак жай кеңсесинин базасында “Айбол” ЖЧКсы түзүлүп, менчиктештирүү процессинде ага жер тилкеси бар өндүрүш базасы берилген.

Бирок маанилүү шарт бар эле: компания турак үйлөрдү тейлөө багытын сактоого милдеттенген. Башкача айтканда, ишмердүүлүктү өзгөртүүгө же мүлктү сатууга негиздөөчүлөрдүн жалпы макулдугусуз тыюу салынган. Ошого карабастан, 2010-жылдан кийин коммуналдык иштер кыскарып, база коммерциялык максатта колдонула баштаганы аныкталган.

Мындан сырткары, ишкананы көзөмөлдөө ошол учурда өкмөт аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген КР жараны Д.Б.га өткөнү белгилүү болгон. Ал бул башкарууну өзүнүн апасы Р.З. аркылуу жүргүзгөн — ал “Айбол” ЖЧКсынын директору болуп дайындалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Д.Б. мыйзам бузуу фактыларын түшүнүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өндүрүш базасын, цехтерди, кампаларды жана 0,64 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.

Эми бул жер тилкелери көз карандысыз эксперттер тарабынан бааланып, андан соң Бишкек шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилери маалымдалды.