Бишкек, 01.10.26. /Кабар/. Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.