Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 15 октябрь 2026 12:00
Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө үшүк жүрүшү күтүлөт

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чүй, Талас жана Ысык-Көлдө 0…-2°С чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун түндүгүндө, Талас облусунун Айтматов районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.