Сары-Жаз дарыясында эки жаңы көпүрө ноябрда пайдаланууга берилет

Аймак 16 октябрь 2026 15:15
852559007_1527384482767606_6334521167217564564_n.jpg
852948422_1527384432767611_6892953595420863615_n.jpg
853153653_1527384459434275_5742893380403513898_n.jpg
854188463_1527384516100936_8030627586824843287_n.jpg
852948415_1527384492767605_729214360088284328_n.jpg
853486966_1527384376100950_903069083511352733_n.jpg
853153653_1527384372767617_4369951604004792491_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Ак-Суу районундагы Сары-Жаз өрөөнүндө жүрүп жаткан курулуштардан кабар алды.

ӨКМден билдиришкендей, Сары-Жаз дарыясынын нугуна 2 көпүрөнүн курулушу жүрүүдө. Учурда бетон иштери аяктап, толугу менен ушул жылдын ноябрь айында курулушту бүтүрүү мерчемделген.

Мындан тышкары, Сары-Жаз дарыясынын кооптуулук жараткан үч тилкесинде жээк бекемдөө жумушу жүрүүдө. Дарыянын бекемделип жаткан нугунун жалпы узундугу 930 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, ӨКМ тарабынан Сары-Жаз дарыясына буга чейин "Зайнулин" жана "Ак-Үңкүр" көпүрөлөрүнүн курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Ошондой эле Канатбек Чыныбаев Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо резорт" тоо-лыжа базасында курулуп жаткан кар көчкү станциясынын курулушунан кабар алды. Кар көчкү станциясы туристтик аймакта аба ырайын аныктап жана коопсуздукту сактоого шарт түзөт.