Бишкек, Ош жана Манас шаарларында 36 мектептин курулушу башталды

Коом 12 февраль 2026 10:46
630176681_25832433943077036_5537104088023764128_n.jpg
630905918_25832434323076998_4476955367489942288_n.jpg
631519597_25832433959743701_1530452813990299916_n.jpg
632098185_25832424663077964_1572906209233488387_n.jpg
634343400_25832434216410342_8794664887347117040_n.jpg
Алдыга
Артка
630176681_25832433943077036_5537104088023764128_n.jpg
630905918_25832434323076998_4476955367489942288_n.jpg
631519597_25832433959743701_1530452813990299916_n.jpg
632098185_25832424663077964_1572906209233488387_n.jpg
634343400_25832434216410342_8794664887347117040_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дайырбек Орунбековдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Быйыл президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкөнүн ири шаарларында 36 мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекет жыл сайын жүздөн ашык мектептердин курулушун активдүү жүргүзүп келет.

"Бул билим берүү тармагын өнүктүрүүгө болгон аракет. Бул жылы дагы адаттагыдай эле өлкө аймагында мектептердин курулушу уланат. Ал эми калкы жыш жайгашкан ири шаарларда мектеп тартыштыгын жоюу максатында, президентибиз Садыр Жапаров тарабынан даректүү тапшырмалар коюлган. Ага ылайык:

  • Бишкек шаарында — 20 мектеп;
  • Ош шаарында — 10 мектеп;
  • Манас шаарында — 6 мектептин курулушу башталды.

Курулуп жаткан мектептер 270 орундан баштап 500, 600, 750 жана 1200 орундуу болуп бүткөрүлөт. Себеби, ушул 3 шаарда мектеп тартыштыгы курч бойдон.

Бул жерде 3 ири шаарда жаңы башталган мектептер гана айтылды. Мындан тышкары, өлкө боюнча планда каралган мектеп курулуштары дагы көп. Алар боюнча өзүнчө толук тизме жарыялайм", - деди ал.