Бишкек мэри шаардын инфратүзүмүн жана көрктөндүрүү иштерин текшерди

Коом 25 февраль 2026 11:33
1771939023 (1).jpeg
1771938917.jpeg
1771938923.jpeg
1771938927.jpeg
1771938943 (1).jpeg
1771938932.jpeg
1771938948.jpeg
1771938953.jpeg
1771938957.jpeg
1771938971.jpeg
1771938976.jpeg
1771938981.jpeg
1771938986.jpeg
1771939004.jpeg
1771939009.jpeg
1771939014.jpeg
1771939018.jpeg
Алдыга
Артка
1771939023 (1).jpeg
1771938917.jpeg
1771938923.jpeg
1771938927.jpeg
1771938943 (1).jpeg
1771938932.jpeg
1771938948.jpeg
1771938953.jpeg
1771938957.jpeg
1771938971.jpeg
1771938976.jpeg
1771938981.jpeg
1771938986.jpeg
1771939004.jpeg
1771939009.jpeg
1771939014.jpeg
1771939018.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.02.26 /Кабар/. Күн мурун Бишкек мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы бир катар инфраструктуралык объектилерди текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр алгач "Бишкек Арена" стадионунун айланасын көрктөндүрүү иштерин карап чыгып, тиешелүү кызматтарга ага кирүүчү жолдорду жана байланыш түзүмдөрүн курууну тапшырды.

Андан соң ал Ахунбаев көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Чыгыш айланма жолуна чейинки бөлүгүнүн курулушун текшерди. Долбоорго өз алдынча эки жолу өзгөртүү киргизип, тургундардын нааразычылыгын жараткан подряддык уюмга эскертүү берди.

Ошондой эле мэр Абдыкадыров, Кирпичная, Древесная, Торфяная жана Суворов көчөлөрүнүн абалынан кабар алып, быйыл суу түтүктөрү жана канализация тармактары тартыларын, андан кийин жолдору караларын билдирди.

Андан сырткары, калаа башчысы тиешелүү кызматтарга дарыя жээгин көрктөндүрүү боюнча комиссия түзүүнү, кооптуу дарактарды алып, соо бактарды сактоону, мыйзамсыз бак кыюу жана таштанды төгүү фактыларына чара көрүүнү жана мыйзамсыз объектилер менен иш алып барууну тапшырды.

Жунушалиев белгилегендей, Транспорт департаменти дарыя үстүнөн өтмөк жана жээк көпүрөсүн куруу мүмкүнчүлүгүн карайт.