Бишкек жана Чүйдө эт кластерин түзүүгө 1,5 млрд сом жумшалат

Экономика Загрузка... 19 Март 2026 14:45
1_hktVGAY.730x0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Бишкек жана Чүйдө эт кластерин түзүүгө 1,5 млрд сом жумшалат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн министрликте ири мүйүздүү малды бордоп семиртүүнүн негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу алкагында жыйын өттү.

Долбоордун негизги максаты өндүрүштөн тартып сатууга чейинки бирдиктүү логистикалык чынжырды түзүү экени белгиленип, жеңилдетилген каржылоо шарттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Долбоор "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, буга чейин эттин баасын турукташтыруу үчүн Чүй жана Бишкекте эт кластери түзүлөрү маалым болгон.