Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдөгү азык-түлүк бааларына байланышкан маселелерге, өзгөчө мал этинин баасын турукташтыруу максатындагы министрлер кабинетинин чечимине токтолду.
Маалым болгондой, өлкөнүн эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасына рыноктук жол менен таасир этүү максатында, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүү негизинде эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт.
Ага ылайык, 2026-жыл ичинде региондук эт кластеринин субъекттерин жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Долбоорду ишке ашырууга катыша турган Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы бодо малды бордоп семиртүүчү эт кластерине кирген фермерлер менен агроишкерлерге үстөк пайызы төмөн жеңилдетилген насыя берилет. Каржылоо мамлекеттик "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ачык акционердик коомдору тарабынан жүргүзүлөт.
Кошумчалай кетсек, азык-түлүк бааларынын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык аймактарында дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда.