Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттердин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети
6aed8f55b80c8-thumb.jpeg
6aed8f538e179-thumb.jpeg
6aed8f539baae-thumb.jpeg
6aed8f544e8c5-thumb.jpeg
6aed8f5278d7b-thumb.jpeg
6aed8f5432cb1-thumb.jpeg
6aed8f5538fe3-thumb.jpeg
6aed8f5593ab1-thumb.jpeg
6aed8f5616b37-thumb.jpeg
6aed8f55142f8-thumb.jpeg
6aed8f530825b-thumb.jpeg
6aed8f5289503-thumb.jpeg
6aed8f5322503-thumb.jpeg
6aed8fef8ae34-thumb.jpeg
6aed8fef26bcd-thumb.jpeg
6aed8fef3338d-thumb.jpeg
6aed8ff01cfdc-thumb.jpeg
6aed8ff1d32ef-thumb.jpeg
6aed8ff1f1210-thumb.jpeg
6aed8ff02abd6-thumb.jpeg
6aed8ff2c4783-thumb.jpeg
6aed8ff13fcb1-thumb.jpeg
6aed8ff22f8ed-thumb.jpeg
6aed8ff247eae-thumb.jpeg
6aed8ff115093-thumb.jpeg
6aed8ff293292-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6aed8f55b80c8-thumb.jpeg
6aed8f538e179-thumb.jpeg
6aed8f539baae-thumb.jpeg
6aed8f544e8c5-thumb.jpeg
6aed8f5278d7b-thumb.jpeg
6aed8f5432cb1-thumb.jpeg
6aed8f5538fe3-thumb.jpeg
6aed8f5593ab1-thumb.jpeg
6aed8f5616b37-thumb.jpeg
6aed8f55142f8-thumb.jpeg
6aed8f530825b-thumb.jpeg
6aed8f5289503-thumb.jpeg
6aed8f5322503-thumb.jpeg
6aed8fef8ae34-thumb.jpeg
6aed8fef26bcd-thumb.jpeg
6aed8fef3338d-thumb.jpeg
6aed8ff01cfdc-thumb.jpeg
6aed8ff1d32ef-thumb.jpeg
6aed8ff1f1210-thumb.jpeg
6aed8ff02abd6-thumb.jpeg
6aed8ff2c4783-thumb.jpeg
6aed8ff13fcb1-thumb.jpeg
6aed8ff22f8ed-thumb.jpeg
6aed8ff247eae-thumb.jpeg
6aed8ff115093-thumb.jpeg
6aed8ff293292-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Алгач Адылбек Касымалиев "Ош Сити" (IT шаарчасы) долбооруна барды. 71 гектар аянтта 17 200 батир, 3 мектеп, 2 бала бакча, оорукана жана IT-хаб курулууда. Долбоордун алкагында 15 000 жумуш оруну түзүлөт.

Андан ары минкаб төрагасы Бекмамат Осмонов көчөсүнө барып, капиталдык оңдоо иштерин көрдү. Узундугу 5 чакырым болгон жол 6 тилкелүү болуп жасалган. Тротуарлар жана 9 автобус аялдамасы менен бирге иштер жыл аягына чейин бүткөрүлөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев таштандыны кайра иштетүүчү жана электр энергиясын өндүрүүчү заводдун долбоору менен таанышты. Наркы 95 млн долларды түзгөн завод суткасына 800-1000 тонна таштандыны иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Адылбек Касымалиев Ак-Буура дарыясын таштандылардан тазалоо жана иретке келтирүү иштеринин 2-этабы менен таанышты. Дарыянын шаар аймагынан өткөн 17 чакырым аралыгы 4 тилкеге бөлүнүп тазаланып жатат. 2-этапка 24 млн сом бөлүнүп, 63 253 куб метр сел калдыктары жана кум-шагыл чыгаруу каралган.

Ошондой эле минкаб төрагасы "Коңур-Жаз" агроөнөр жай комплексине дагы барды. Долбоор боюнча 69,76 гектар аянттагы комплекс 10 000 малга ылайыкталып, 910 жумуш оруну түзүлөт. Комплексти суу менен камсыз кылуу үчүн көлөмү 20 000 куб метр болгон бассейн жана 2 насостук станция курулууда, ал 400 гектар кайрак жерди сугат суу менен камсыздайт.

Сапардын жыйынтыгында минкаб төрагасы бардык объекттер боюнча иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү, шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.