Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бул аймактык конференция өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын, эксперттердин жана жаштардын башын бириктирип, билим берүү аркылуу тынчтыкты жана коопсуздукту кантип чыңдоого болорун талкуулоо үчүн чоң мааниге ээ. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кызыл Крест эл аралык комитетинин Борбор Азиядагы чөлкөмдүк делегациясынын башчысы Биляна Милошевич билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө куралдуу кагылыштардын саны көбөйүп, глобалдык чыңалуу күчөп жаткан шартта мындай демилгелер өзөктүк куралды колдонуу кандай оор гуманитардык кесепеттерге алып келерин түшүндүрүүгө жардам берет. Ошондой эле бул куралсыздануу жана куралды жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Ал Кыргызстан өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кол койгон өлкөлөрдүн бири катары бул тармакта маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Бул өлкөнүн куралсызданууну илгерилетүүгө жана глобалдык коопсуздукту чыңдоого багытталган эл аралык аракеттерге берилгендигин көрсөтөт.
"Бул иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын лидерлигин жана билим берүү менен кызматташтык аркылуу аймакта тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымын даана көрсөтөт", — деди ал.
Мындан тышкары, Биляна Милошевич Кызыл Крест эл аралык комитети дүйнө жүзү боюнча эл аралык гуманитардык укук жана курал-жарактын, анын ичинде өзөктүк куралдын колдонулушунун гуманитардык кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу багытында иш алып барып жатканын айтты.
"Биз өкмөттөр, куралдуу күчтөр, университеттер жана жарандык коом уюмдары менен кызматташып, гуманитардык принциптерди жана куралдуу кагылышуулар укугун урматтоого багытталган билим берүү демилгелерин колдойбуз. Ошондой эле куралсыздануу боюнча эл аралык келишимдердин натыйжалуу ишке ашырылышын жактайбыз. Өзөктүк куралдын каргашалуу гуманитардык кесепеттеринен улам, биз ага тыюу салууга жана аны толук жок кылууга чакырууну улантабыз", — деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө карата «Тынчтык жана коопсуздук үчүн билим берүү» аттуу аймактык конференция өтүүдө.
Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Кызыл Крест эл аралык комитетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурду.