Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнүнө карата "Тынчтык жана коопсуздук үчүн билим берүү" аттуу конференция өтүп жатат.
Иш-чараны Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана Кызыл Крест эл аралык комитетинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурду.
Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөндөн бери куралсыздануу жана курал-жаракты көзөмөлдөө маселелери кризистерди жана куралдуу кагылышууларды алдын алууда, ошондой эле аларды жөнгө салууда маанилүү роль ойноп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн алгачкы күндөрүнөн тарта тынчтык жана куралсыздануу багытын ырааттуу түрдө карманып келет. Алсак, Борбор Азия мамлекеттери менен биргеликте чөлкөмдө өзөктүк куралдан эркин аймак түзүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бул демилге Түндүк жарым шардагы мындай биринчи аймак жана региондун беш өлкөсүн тең камтыган коопсуздук тармагындагы алгачкы көп тараптуу келишим болуп калды.
Ал Борбор Азия мамлекеттери өз аймагында өзөктүк куралды чыгарбоо, сатып албоо жана жайгаштырбоо боюнча милдеттенмени өз ыктыяры менен алышканын баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстан жайылтпоо чөйрөсүндөгү демилгелерди ырааттуу илгерилетип жатканын айтты.
"Тактап айтканда, өлкө Өзөктүк куралга тыюу салуу жөнүндө келишимге кошулуп, куралсыздануу боюнча глобалдык аракеттерге берилгендигин тастыктады", - деди Исаев.
Асеин Исаев 2022-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын 5-мартты Куралсыздануу жана жайылтпоо маселелери боюнча эл аралык агартуу күнү деп жарыялоо демилгесин бир добуштан колдогонун эске салды.
Анын айтымында, жыл сайын бул датанын алкагында Вена, Женева жана Нью-Йорк сыяктуу эл аралык борборлордо өкмөт, жарандык коом, жаштардын жана академиялык чөйрөлөрдүн катышуусунда иш-чаралар өткөрүлүп турат.
Сөзүнүн соңунда Асеин Исаев билим берүү жана агартуу иштери тынчтыкты чыңдоонун жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын алдын алуунун маанилүү куралы болуп кала берерин белгиледи.