Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын (АКБК) 70-сессиясынын жыйынтыктарын талкуулоого жана Кыргызстандын 71-сессиясына даярдыгына арналган "Глобалдык милдеттенмелерден улуттук аракеттерге карай" аттуу улуттук диалог өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирет.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев, Евробиримдиктин делегациясынын кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Йоханнес Баур, "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн өлкөлүк өкүлү Садик Сайед, ошондой эле мамлекеттик органдардын, Жогорку соттун, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар 2026–2027-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук планды ишке ашыруу, аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Алмаз Имангазиев өз сөзүндө АКБКнын 71-сессиясы жетишилген ийгиликтерди гана көрсөтпөстөн, гендердик теңчиликке жетишүүнү тездетүү боюнча глобалдык талкууга өз салымын кошууга чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.
Жолугушууда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана басмырлоочу ченемдерди жоюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова жана жарандык коомдун өкүлдөрү АКБКнын 70-сессиясына катышуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Эмгек министрлиги сессиянын жыйынтыктарын Улуттук планга интеграциялоо механизмдерин сунуштаса, ИИМ БУУнун Коопсуздук кеңешинин "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" 1325-резолюциясынын аткарылышы боюнча отчет берди.
Жакынкы күндөрү Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык консультацияларын баштоо пландаштырылууда. Анын жыйынтыктары Кыргызстандын БУУнун АКБКнын 71-сессиясына карата бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууга негиз болот. Даярдык иштери Эмгек министрлиги тарабынан "БУУ-Аялдар" түзүмү менен биргеликте координацияланууда.