Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Сокулук районунда транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы "Түндүк" бөлүмү ачылды.
Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, эми жарандар унаасын биринчи жолу каттоого жана кайра каттоого арызды мобилдик тиркеме аркылуу бере алышат.
Жаңы бөлүм Ак-Жол айылында жайгашкан. Арыздар алгачкы этапта "Түндүк" тиркемеси аркылуу гана кабыл алынат. Адис арызды тастыктагандан кийин жарандар даяр техпаспорт менен мамлекеттик номерлерди алуу үчүн бөлүмгө келишет.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин айтымында, жаңы тартип жарандардын убактысын үнөмдөп, кезек күтүүнү азайтат. Келечекте даяр документтерди жана мамлекеттик номерлерди үйгө жеткирүү мүмкүнчүлүгү да каралууда.
Бөлүм дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08:30дан 17:30га чейин иштейт. Дареги: Ак-Жол айылы, Разное көчөсү, 10.