Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 7-ноябрь — Басма сөз күнүнө жана илимий жумалыкка карата “Заманбап журналистиканын актуалдуу маселелери” аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага Түркия, Россия, Иран, Өзбекстан жана Кыргызстандын окумуштуулары, медиа-эксперттер, профессорлор жана дипломаттар офлайн жана онлайн форматтарында катышууда.
Илимий конференцияда заманбап журналистиканын санариптик трансформация, жасалма интеллект жана алгоритмдердин өнүгүшү менен байланышкан чакырыктары талкууланууда. Анын ичинде улуттук баалуулуктарды сактоо, маалыматтык атаандаштыкка туруштук берүү жана кесиптик жоопкерчиликти сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Ошондой эле жаңы технологиялардын талабына ылайык медиа тармагы үчүн кадрларды даярдоо жана жогорку окуу жайларда журналисттик билим берүүнү өркүндөтүү зарылдыгы белгиленүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев видео байланыш аркылуу “Заманбап журналистиканын азыркы коомдогу орду жана жоопкерчилиги” деген темада баяндамасын жолдоду.
Мындан тышкары, Өзбекстандан келген окумуштуулар Садокат Максумова жана Малика Джумамуратова санариптик чөйрөдөгү атаандаштык жана медиа керектөөнүн өзгөрүшү тууралуу ой бөлүштү.
Андан тышкары, конференциянын алкагында ата мекендик белгилүү журналисттер кыргыз журналистикасынын азыркы абалы, тармактагы кадрдык маселелер, анын илим катары өнүгүшү жана чет тилдеринин медиадагы орду тууралуу пикирлерин ортого салышууда.
Белгилей кетсек, конференциянын алкагында үч багыт боюнча секциялык отурумдар да өткөрүлүүдө:
- XXI кылымдагы кесиптик журналистика: интеграция жана инновация”;
- Ааламдашуу доорундагы операторлук ишмердүүлүктүн көйгөйлөрү жана келечеги”;
- “Академиялык журналистика глобалдык өзгөрүүлөрдүн шартында”.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленет.