Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында жеке маалыматтарды коргоо боюнча эл аралык “Data Protection Forum 2026” форуму башталды.
Иш-чара Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналууда.
Форумга мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, чет мамлекеттердин жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү жана расмий делегациялары, эл аралык уюмдардын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, IT тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук боюнча эксперттер, академиялык коомчулуктун, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Агенттиктин директору Кутман Мамыров иш-чараны ачып жатып, жеке маалыматтарды коргоо санариптештирүү шартында жарандардын мамлекеттик кызматтарга жана санариптик чөйрөгө болгон ишенимин камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жеке маалыматтарды коргоо мыйзам талаптарын сактоо менен гана чектелбестен, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн, саламаттык сактоо кызматтарын өнүктүрүүнүн жана жарандардын укуктарын камсыз кылуунун маанилүү бөлүгүнө айланды.
“Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар жашообуздун бардык тармактарына терең кирүүдө. Жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, маалымат алмашууну кеңейтүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.
Ошол эле учурда бул өзгөрүүлөр маалыматтык коопсуздукка, жеке маалыматтарды жөнгө салуу, пикирлерди жана ар тараптуу укуктарды коргоого өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Биздин максатыбыз жеке маалыматтарды коргоо маданиятын калыптандыруу, жарандардын маалыматтуулугун жолгуртууда, уюмдарга мыйзам талаптарын аткарууда көмөк көрсөтүү жана санариптик технологиялары жоопкерчилик менен пайдаланууга шарт түзүү”, - деди директор.
Ошондой эле ал Санариптик кодексинин кабыл алынышы санариптик мамилелерди жөнгө салууда жана жеке маалыматтарды коргоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болгонун белгиледи. Ал мыйзам талаптарын иш жүзүндө аткаруу үчүн мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын биргелешкен аракеттери зарыл экенин кошумчалады.
“Ишеним. Коопсуздук. Келечек” урааны алдында өтүп жаткан бул форумда санариптик трансформация шартында жеке маалыматтарды коргоо, санариптик коопсуздукту камсыздоо, адам укуктарын сактоо жана бул багыттагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.